QR-код аркылуу министрликтин ишин баалаңыз!
- 183 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги «Пикир» маалыматтык системаны ишке киргизүү демилгесине кошулду. Министрликтин ачык-айкындуулугун жогорулатуу, ишмердүүлүгүн баалоо максатында атайын QR -коддор орнотулуп, иштеп баштады. Мекемеге келген ар бир жаран министрликтин ишин баалап, пикир калтыра алат.
Ал үчүн:
- телефонуңуздун камерасын кире бериште же кабылдамаларда жайгашкан QR-кодго багыттап, «Түндүк» тиркемеси аркылуу сканерлеңиз;
- шилтемеге кирип, кызмат көрсөтүүнүн сапатына баа бериңиз жана сунуш-пикириңизди калтырыңыз;
- андан соң, сиздин пикириңиз автоматтык түрдө катталып, тиешелүү адистер тарабынан каралат;
- зарыл болгон учурда чаралар көрүлүп, анын жыйынтыгы сизге маалымдалат.
Маалыматтар ишенимдүү корголот жана жеке маалыматтарды коргоо мыйзамдарына ылайык иштетилет.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы