Бишкек-Кант-Токмок жолу: Асфальт төшөө иштери уланууда
- 117 просм.
Бишкек-Кант-Токмок унаа жолуна асфальттын биринчи катмарын төшөө иштери уланууда. Азыркы жумуштар Калининадан Лермонтова көчөсүнө чейинки бөлүгүндө, жолдун оң тарабында жүрүп жатат.
Алдыда тротуар, лоток орнотуу жумуштары башталат.
Эске салсак, буга чейин жолдун сол тарабына асфальттын биринчи катмары басылган.
Белгилей кетсек, Бишкек-Кант-Токмок унаа жолунун 5+200-9+050-чакырымдар аралыгын (Новопокровкадан Лермонтовага чейин) капиталдык оңдоодон өткөрүү мерчемделип, анда асфальт төшөө менен катар көпүрөнү оңдоо, эки тарабынан тротуар, унаа токтотуучу жай жана башка иштер каралган.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы