Тоң району: Бар-Булак-Жылуу-Суу жолунда асфальт төшөө иштери аяктап, жол сызыктары чийилди
- 98 просм.
Тоң районунун Бар-Булак-Жылуу-Суу жолунда асфальт төшөө иштери аяктады. Азыркы тапта жол сызыктары чийилип бүтүп, белгилер орнотулууда. Жумуштар «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасына караштуу № 10 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылып жатат.
Жол курулуш иштери мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен каржыланды.
Жылуу-Суу ден соолукту чыңдоо жайына баруучу жолдун жаңыланышы аймактагы тургундар үчүн гана эмес, эс алуу жана дарылануу максатында келген коноктор үчүн да чоң мааниге ээ.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы