Транспорттук көзөмөлдү күчөтүү: 9 айда өлкө казынасына 324 млн сом чегерилди
- 62 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан 2025-жылдын 9 айында жүргүнчү жана жүк ташыган 790 миң 638 унаа текшерилди. Анын жыйынтыгында транспорт мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактылары боюнча 7035 протокол түзүлдү.
Эл аралык келишимдердин талаптарынын сакталышы, жүргүнчү ташуулар боюнча эрежелердин аткарылышы, транспорт чөйрөсүндөгү мыйзам актыларынын сакталышы жана салмак-габариттик көзөмөл сыяктуу жалпы транспорттук текшерүүнүн жыйынтыгында бюджетке бардыгы 324 млн 12 миң 262 сом (2024-жылдын 9 айында — 86 248 226) чегерилди.
Текшерүү иштери өлкөдөгү транспорттук көзөмөл пункттарында, станциялык курулмаларда жана мобилдик топтор тарабынан жүргүзүлүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы