mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Тоң району: Кара-Талаа-Туура-Суу жолуна асфальт төшөлүүдө

Тоң районунун Кара-Талаа-Туура-Суу жолунда асфальт төшөө иштери жүрүүдө.  

Жумуштар «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасына караштуу № 10 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылып жатат.

Жолдун жалпы узундугу 26 чакырымды түзөт. Учурдагы оңдоо иштери 6-чакырымдан 11-чакырымга чейинки аралыкты камтыйт. Азыркы тапта жумуштар ортодон ооп, 2,8 км жол жасалды.

Унаа каттамын жакшыртууга жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга багытталган жумуштар мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен каржыланууда.

Белгилей кетсек, буга чейин Кара-Талаа-Туура-Суу жолунун 6 чакырымына асфальт төшөлгөн.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы