mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Базар-Коргон району: Бел-Терек айылына барчу жол асфальтталууда

Базар-Коргон районундагы Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн Бел-Терек айылына барчу 3,5 чакырым жолго асфальт төшөө иштери жүрүүдө. Жумуштар “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканасынын № 50 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылып жатат. Азыркы тапта 2 чакырымдан ашык аралык жасалды.

Унаа каттамын жакшыртууга жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга багытталган жумуштар мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен каржыланууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы