Айыл ичиндеги жолдорго асфальт төшөлүүдө
- 134 просм.
Сузак районунун Кара-Дарыя айылындагы Нефтипром – Үч-Мазар багытындагы жолдун 3 чакырым 750 метр аралыгында асфальт төшөө иштери жүрүп жатат.
Жол куруу иштери «Кыргызавтожол-Түштүк» мамлекеттик ишканасына караштуу № 22 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылууда.
Жолдун жалпы узундугу 19 чакырымды түзөт. Учурдагы оңдоо иштери 15,5-чакырымдан 19-чакырымга чейинки аралыкты камтыйт.
Бул тилкеде буга чейин асфальт таптакыр болбогондуктан, жумуштар нөлдөн башталган.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы