Сатып алуу боюнча атайын билдирүү жана атаандаштык тендерге катышууга чакыруу
- 62 просм.
Өлкө: Кыргыз Республикасы
Долбоор: Ысык-Көл айланма жолун реконструкциялоо (Корумду айылынан Балбай-Баатыр айылына чейин (104-184,5 км)
Багыты: Товар
Каржылоо жолу: Насыя
Каржылоо: Кувейт араб экономикалык ɵнүктүрүү фондунан (КАЭӨФ), No.1054
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Ысык-Көл айланма жолун – Корумду айылынан Балбай баатыр айылына чейинки тилкесин реконструкциялоону сатып алууга кеткен чыгымдарды жабуу үчүн каржылоону Кувейт араб экономикалык ɵнүктүрүү фондунан (КАЭӨФ) алды жана түшкөн каражаттын бир бөлүгү товарларды сатып алууга каралган жана түзүлөгөн контракт КАЭӨФ насыяларынын эсебинен каржыланат.
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги (ТКМ) Ысык-Көл айланма жолунун Корумду айылынан Балбай баатыр айылына чейинки тилкесин тейлөө үчүн автоматташтырылган көзөмөлдөөчү көчмө станцияларды жеткирип берүү үчүн мөөр басылган конвертте тендердик сунуштарды берүүгө укуктуу катышуучуларды чакырат. Товарлар Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарына жеткирип берилиши керек, ал эми, жеткирип берүү мөөнөтү контракт күчүнө киргенден тартып ички маршруттар боюнча жеткирип берүүнү, чогултууну, текшерүүлөрдү/сыноолорду, ишке киргизүүнү жана окутууну кошо алганда, токсон (90) күндү түзөт.
- Тендер КАЭӨФ долбоорлорду каржылоосунун алкагында товарларды, жумуштарды жана тиешелүү кызматтарды сатып алуу боюнча көрсөтүлгөн эл аралык тендерлердин жол-жоболоруна ылайык өткөрүлөт жана бул жободо көрсөтүлгөндөй, бардык укуктуу кызыктар болгон компания катышуучулар үчүн ачык. Кошумча маалымат: КАЭӨФ кызыкчылыктардын кагылышуусу саясатын баяндаган Сатып алуулар боюнча колдонмонун 01-главасынын 01-бөлүгүнүн 1.9.1–1.9.4 бөлүмдөрүн караңыз.
- Тендерге катышууну каалаган кызыктар болгон укуктуу компаниялар автоматташтырылган көзөмөлдөөчү көчмө станцияларды жеткирип берүү тендердик документер боюнча жана кошумча маалыматтарды алыш үчүн Ислам өнүктүрүү банкынын долбоорлорду ишке ашыруу тобунун төмөндөгү көрсөтүлгөн дареги аркылуу саат 9:00 дон 17:00 чейин кайрыла алышат.
- Кызыктар болгон укуктуу компаниялар көрсөтүлгөн дарекке жазуу жүзүндөгү арызын бергенден кийин толуг тендердик документти англис тилинде электрондук почта аркылуу же Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Ислам өнүктүрүү банкынын Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнөн Бишкек убактысы боюнча саат 09:00дөн 17:00гө чейин ала алышат.
- Тендердик сунуштар 2025-жылдын 13-ноябрында саат 14:00дөн кечиктирбестен төмөндөгү дарекке жеткирилиши керек. Электрондук документтерди жиберүү менен жиберилген тендердик сунуш кабыл алынбайт жана каралбайт. Көрсөтүлгөн убактан кечигип түшкөн тендердик сунуш четке кагылат. Тендердик сунуштар 2025-жылдын 13-ноябрында саат 14:00дө Кыргыз Республикасынын, Бишкек шаарындагы, Исанов көчөсү, 42, 6-кабат, 611-кабинетте ачык ачылыш тендер болот жана кызыктар болгон укуктуу компаниялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнун катышуусунда.
- Кызыктар болгон укуктуу компания тендердик сунуштоосу менен бирге тендерге катышуусун камсыздоочу алты миң (6 000) АКШ доллар өлчөмүндөгү банкттын кепилдигин тиркесүү тийиш.
- Жогорудагы көрсөтүлгөн даректер төмөнкү даректе жайгашкан:
Кимге: Б. Базаралиевге, Кыргыз Республикасынын
Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары
Кыргыз Республикасы, Бишкек 720017
Исанов көчөсү 42, 6-кабат, 611-кеңсе
Тел: +996 312 69-01-76, 31-41-13, 31-43-88
Факс: +996 312 31-43-88
Эл.почта: piumotckr@gmail.com