Сатып алуу боюнча атайын билдирүү жана атаандаштык тендерге катышууга чакыруу
- 87 просм.
Өлкө: Кыргыз Республикасы
Долбоор: Ысык-Көл айланма жолун реконструкциялоо (Корумду айылынан Балбай-Баатыр айылына чейин (104-184,5 км)
Багыты: Товар
Каржылоо жолу: Насыя
Каржылоо: Ислам өнүктүүрүү банкынан (ИӨБ), KGZ-1019
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Ысык-Көл айланма жолун – Корумду айылынан Балбай баатыр айылына чейинки тилкесин реконструкциялоону сатып алууга кеткен чыгымдарды жабуу үчүн каржылоону Ислам өнүктүрүү банкынан (ИӨБ) алды жана түшкөн каражаттын бир бөлүгү товарларды сатып алууга каралган жана түзүлөгөн контракт ИӨБ насыяларынын эсебинен каржыланат.
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги (ТКМ) Ысык-Көл айланма жолунун Корумду айылынан Балбай баатыр айылына чейинки тилкесин тейлөө үчүн техникаларды жеткирип берүү үчүн мөөр басылган конвертте тендердик сунуштарды берүүгө укуктуу катышуучуларды чакырат. Товарлар Бишкек шаарына, Кыргыз Республикасы, жеткирип берилиши керек, ал эми, жеткирип берүү мөөнөтү контракт күчүнө киргенден тартып ички маршруттар боюнча жеткирип берүүнү, чогултууну, текшерүүлөрдү/сыноолорду, ишке киргизүүнү жана окутууну кошо алганда, токсон (90) күндү түзөт.
- Тендер Ислам өнүктүрүү банкынын жол-жоболоруна ылайык эл аралык атаандаштыктын (ЭА) негизинде, ИӨБдүн колдонмосунда көрсөтүлгөндөй жүргүзүлөт, мында: Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган долбоорлордун алкагында товарларды, жумуштарды жана тиешелүү кызматтарды сатып алуу (2019-жылдын апрель айында чыгарылган, 2023-жылдын февраль айында кайра каралган) жана Сатып алуулар боюнча колдонмодо көрсөтүлгөндөй, тендер бардык укуктуу катышуучулар үчүн ачык. Мындан тышкары, кызыкчылыктардын кагылышуусуна карата ИӨБдүн саясатында баяндалган Сатып алуулар боюнча колдонмонун 01-главасынын 01-бөлүмүнүн 1.9.1-1.9.4- пункттары менен таанышып чыгууну суранабыз.
- Кызыкдар болгон укуктуу компаниялар (жеткирип берүүчүлөр) тендердик документтерге байланыштуу кошумча маалыматты Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен (КР ТКМ Ислам өнүктүрүү банкынын долбоорлорун ишке ашыруу тобунан) Бишкек убактысы боюнча саат 9:00дөн 17:00гө чейинки жумуш убактысында төмөндө көрсөтүлгөн даректен ала алышат.
- Толук тендердик документтердин англис тилиндеги топтомун тендердин кызыкдар катышуучулары төмөндө көрсөтүлгөн электрондук почта аркылуу жазуу жүзүндө арыз бергенден кийин же Ислам өнүктүрүү банкынын долбоорлорду ишке ашыруу тобунан Бишкек убактысы боюнча саат 09:00дөн 17:00гө чейин төмөндө көрсөтүлгөн даректен ала алышат.
- Өтүнмөлөр (тендерге сунуш) төмөндө көрсөтүлгөн дарекке 2025-жылдын 6-ноябрында саат 14-00дөн кечиктирилбестен жеткирилиши керек. Электрондук өтүнмөлөр кабыл алынбайт. Кечиктирилип жеткирилген өтүнмөлөр четке кагылат. Өтүнмөлөр ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана каалоочулардын баарынын катышуусунда Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Исанов көчөсү, 42, 6-кабат, № 611 кабинет дареги боюнча 2025-жылдын 6-ноябрында саат 14-00дө ачылат.
- Бардык өтүнмөлөр отуз миң (30 000) АКШ доллары суммасындагы тендерге катышуу кепилдиги менен коштолушу керек.
- Жогорудагы көрсөтүлгөн дарек(тер) төмөнкү дарек(тер) боюнча жайгашкан: Исанов көч, 42, 6-кабат, № 611 кабинет.
Кимге: КР транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Б. Базаралиевге
Исанов көчөсү, 42
720017, Бишкек шаары, Кыргыз Республикасы
Тел: +996 312 31-43-88, 31-47-22
Факс: +996 312 31-43-88
Эл.почта: piumotckr@gmail.com