Бишкек-Ош жолунун Суусамыр тилкесинде жол курулуш иштери кызуу жүрүүдө
- 154 просм.
Бишкек-Ош жолунун Суусамыр тилкесинде жол курулуш иштери кызуу жүрүүдө.
Бүгүнкү күндө 35 чакырым жолго асфальт басылды. Иш ыргагы ырааты менен уланып, асфальт төшөө, ага катар айрым тилкелерде жолдун негизин даярдоо иштери уланууда.
Суусамыр ɵрɵɵнүндɵ суук эрте түшɵɵрүн эске алуу менен жол тилкесинен алыс эмес жерге эки асфальт-бетон заводу орнотулган.
Белгилей кетсек, быйыл Бишкек-Ош жолунун Суусамыр тилкесин (85 чакырымын) оңдоодон өткөрүү мерчемделген.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы