Байтик айылынан башталган веложол Кашка-Сууга чейин уланат
- 102 просм.
Байтик айылынан башталган веложолдун курулушу уланууда. Учурда 3 чакырым аралыкта веложолдун негизин даярдоо, бордюрларды орнотуу жана бак-дарактардын ордун бошотуу иштери жүргүзүлүүдө. Ушул жылы 9 чакырым веложол куруу пландалууда.
Буга чейин аталган веложолго 3,1 чакырым асфальт тɵшɵлүп толук жарыктандырылган. Жумуштар “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын №25 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылууда.
Жаңы веложол Кашка-Сууга чейин узарып, жашоочуларга сергек жашоону колдоого жана коопсуз велосипед тебүүгө жакшы шарт түзөт.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы