«Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2016-жылдын 30-декабрындагы №428 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын темир жол транспорту аркылуу жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү, багажды жана почта жөнөтүүлөрүн ташуу боюнча Эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»
- 62 просм.
«Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2016-жылдын 30-декабрындагы №428 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын темир жол транспорту аркылуу жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү, багажды жана почта жөнөтүүлөрүн ташуу боюнча Эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»
Кыргыз Республикасынын «Нормативдик укуктук актылар жөнүндө» Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» жобого ылайык, ошондой эле «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы мамлекеттик ишканасы аркылуу кызмат көрсөтүүлөрдү актуалдаштыруу жана санариптештирүү максатында, төмөндөгүлөрдү буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министрлигинин 2016-жылдын 30-декабрындагы №428 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын темир жол транспортунда почта жөнөтмөлөрүн, жүк-багаждарын, багаждарды жана жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелерине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Кыргыз Республикасынын темир жол транспортунда почта жөнөтмөлөрүнө, жүк-багаждарына, багаждарды жана жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелерине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилет:
— 34-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“34 пункт: Республикалык ички каттамдагы поезддерде жүрүү үчүн билетти кассадан, поездде же электрондук түрдө бир жолку “бир тарапка” же “эки тарапка” сатып алат. Электрондук билет кондукторго кагаз түрүндө же электрондук цифралык каражаттар аркылуу (телефон, планшет ж.б.) көрсөтүлөт.
Поезддеги орундар отуруу үчүн каралган.
Жүргүнчү өзү менен кошо 5 жашка чейинки бир баланы, эгерде ал өзүнчө орунду ээлебесе, бекер алып жүрүүгө укуктуу, жүргүнчүгө 5 жашка чейинки бирден ашык бала үчүн белгиленген тарифтер менен акы алынат. 5 жаштан 10 жашка чейинки балдардын жол кире акысы балдарды ташуунун белгиленген тарифтерине ылайык төлөнөт. Баланын жашы жол жүрүү күнүнө карата аныкталат. Эгерде сапар күнү 5 жашка чыккан баланын туулган күнүнө туура келсе, анда бала акысыз ташылат (эгерде ал өзүнчө орун ээлебесе).
Эгерде сапарга чыккан күнү 10 жашка чыккан баланын туулган күнүнө туура келсе, анда билеттер балдар тарифи менен жазылат. 10 жашка чейинки балдардын республиклык ички каттамдарындагы поезддерде чоңдордун коштоосусуз жүрүүсүнө жол берилбейт.
Жүргүнчү салмагы 50 килограммга чейинки кол жүгүн жана экиден ашпаган үй жаныбарларын (иттерди, мышыктарды, канаттууларды) бекер алып жүрүүгө укуктуу. Бул жаныбарлар атайын тарага (жашык, капас, себет ж.б.) салынып, ит жетелөөчү боосу (жип же кайыш) жана тумшук кап менен камсыздалып, кол жүк үчүн каралган атайын орундарга эркин жайгаштырылышы шарт. Аталган үй жаныбарларын атайын тарага салынбаса, ташууга уруксат берилбейт.
Ири тукумдуу иттерди ташууга тыюу салынат.
Көрүүсү начар (сокур жана начар көргөн) жүргүнчүлөргө өздөрү менен бирге жетектөөчү иттерди алып жүрүүгө уруксат берилет. Жетектөөчү итин тумшук кап кийгизип жана кыска боодо алып жүрүү керек жана аны коштоп жүргөн жүргүнчүгө жакын кармоо керек.
Үй жаныбарларын ташуу үчүн кошумча акы алынбайт.
Жүргүнчү өзүнүн кол жүгүн, ошондой эле алып бара жаткан үй жаныбарларынын (иттер, мышыктар, канаттуулар) сакталышы жана коопсуздугу жөнүндө кам көрүүгө милдеттүү жана өзү алып бара жаткан үй жаныбарлары (иттер, мышыктар, канаттуулар) тарабынан санитардык- гигиеналык талаптардын бузулушунда толук жоопкерчилик тартат жана
вагондо тийиштүү тазалыкты камсыз кылууга милдеттүү.
Жүргүнчүгө мотору жок, демонтаждалган жана таңгакталган бирден ашык эмес велосипеддин өлчөмү, кол жүк үчүн белгиленген жерлерге коюуга мүмкүндүк берсе, белгиленген 50 кг жүктү алып жүрүү ченеминин негизинде ташууга уруксат берилет.
Эгерде поездде бала же кыймыл аракети чектелген жүргүнчү бара турган болсо, белгиленген нормадан ашык кол жүк катары, бүктөлүүчү балдар арабаларын жана инвалиддик арабаларды ташууга жол берилет.
Поезддерде жүрүүдө жүргүнчүлөр бир вагондон экинчи вагонго зарылчылыгы жок өтпөстөн, коомдук тартипти сактоого милдеттүү. Жүргүнчүлөрдүн тынчтыгын бузууга (үн чыгаруучу түзүлүштөрдү колдонуу, кыйкырык, ышкырык, ырдоо, музыкалык аспаптарда ойноо жана башка аракеттер) жол берилбейт.”
-35-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“35 пункт: Поездде бара жаткан жүргүнчү, эгерде бош орундар болсо жана колдонуудагы тарифтерге ылайык жол кире наркынын айырмасын төлөгөн учурда анын билетинде көрсөтүлгөндөн жогорку класстагы (типтеги) орунга же вагонго өтүүгө укуктуу. Жол кире акысынын айырмасын төлөө поезддеги Улуттук ташуучунун өкүлү жүргүзөт. Бул учурда жүргүнчүгө билеттин бланкасы берилет.
Жүргүнчү жогорку ыңгайлуулуктагы вагондордо жүрүүгө берилген билетти, эгерде ошол эле категориядагы жогорку уңгайлуулуктагы вагондордо орундар болсо, ошол эле поездде башка күнгө, жөнөгөнгө 48 сааткалганга чейин кечиктирбестен кайра чыгарууга укуктуу. Мында кайра каттоо жол-жоболоштуруу жүргүнчү ташуу акысынын наркын албастан жүргүзүлөт.
Республикалык ички каттамдардагы жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддердин стандарттуу вагондорунда жүрүү үчүн бланк боюнча же электрондук түрдө берилген билеттердин акысын кайтаруу жүргүзүлбөйт. Кассадан бланк боюнча берилген жоголгон же бузулган билеттер жаңыртылбайт жана аларга төлөнгөн акылар кайтарылбайт.
Жогорку ыңгайлуулуктагы вагондор үчүн электрондук түрдө же бланк боюнча берилген билеттин толук наркы, поезд жөнөп кетүү бекетинен 48 сааттан кечиктирбестен кайра кайтарууга мүмкүнчүлүк берилет. Кайтаруунун тартиби жана шарттары Улуттук ташуучу тарабынан аныкталат.
Республикалык ички каттамдарындагы поезддерге билеттердин жарактуу мөөнөтү узартылбайт.”
2. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөн соң күчүнө кирет.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасы бул буйрукту аткарууга кабыл алсын.
4. Транспорт саясатын жүргүзүү башкармалыгы:
1) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө» токтому менен белгиленген тартипте расмий жарыялоону камсыз кылсын;
2) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада кагаз жана электрондук алып жүрүүчүлөрдө жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн;
3) ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде анын көчүрмөсүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин темир жол транспортун тескеген орун басарына жүктөлсүн.
Министрдин орун басары Б. Т. Базаралиев