Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка жолунун биринчи этабы бүттү
- 79 просм.
Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка жолунун капиталдык оңдоо жумуштары 0-100 км аралыгындагы жүрүп жатат. Учурда 51км алдынкы катмары 47км үстүнкү катмарына асфальт тɵшɵлүп биринчи этабы аяктады. Ал эми калган тилкелеринде жер негизин даярдоо, суу ɵтүүчү түтүктөрдү орнотуу, жол четин бекемдɵɵ иштери аткарылууда.
Салынып жаткан жолдо эки асфальт бетон заводу орнотулуп, 90 атайын техника жана 180 жумушчу иш алып барууда.
Белгилей кетсек, курулуш иштери 2023- жылы башталып, Мамлекеттен бюджеттин эсебинен каржыланууда. Ала-Бука менен Чаткалды бириктирген жол III категориядагы 2 тилкелүү 11,5 тонна жүккө ылайыкталган жол болуп салынууда.
Министрликтин маалымат кызматы




