Жол курулуш иштерине көзөмөл. Министр Сыргабаев Нарынга иш сапары менен барды
- 84 просм.
Бүгүн, 22-июлда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Нарын облусуна иш сапары менен барды.
Анын алкагында ведомство жетекчиси Сыргабаев Нарын шаарындагы 9,1 чакырымды түзгөн Ленин көчөсүн кыдырып, ишти жеринен көзөмөлдөдү.
Учурда жер жумуштары кызуу жүрүп, асфальт басууга даярдыктар көрүлүүдө.
Подрядчы компаниялар менен жолуккан министр жумушту ыкчамдатууну тапшырып, сентябрь айынын ортосуна чейин асфальттоо, жарыктандыруу, тротуар жана жол чийиндери толук бүткөрүлүшү керектигин белгиледи.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы





