Сафаровка-Барпы жолу курулууда
- 77 просм.
Бүгүн, 21-июлда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Сафаровка-Барпы жолунун курулуш иштери менен жеринен таанышты.
Азыркы тапта жолдун багытын белгилөө, жер жумуштары кызуу жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, Сафаровка-Барпы автожолунун жалпы узундугу 25 км түзүп, мамлекеттик бюджеттин эсебинен курулууда.
Бул Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун акыркы тилкеси болуп саналат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы

