mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Өлкɵ аймагында асфальт тɵшɵɵ  иштери тынымсыз уланууда

Учурда Беловодский – Төлөк унаа жолунун 3 чакырымына асфальт төшөө иштери жүрүүдɵ жана Алчалуу – Советское – Дɵң -Арык унаа жолунда асфальттоого даярдык иштери аткарылууда.

 Кемин-Ильич-Ак-Туз унаа жолунун  2 чакырымына асфальт төшөлүүдɵ.

Суусамыр – Талас – Тараз автожолунун Өтмөк ашуусунун 12-17-чакырымдар аралыгына 5 чакырым асфальт тɵшɵɵ иштери уланууда. Асфальт тɵшɵɵгɵ даярдык иштери Тараз – Покровка – Кайынды унаа жолунда жүрүп жатат.  

Ушундай эле жол куруу иштери Түп районун  Михайловка – Николаевка – Токтоян – Сары-Тологой унаа жолунда асфальт төшөө иштери башталып,  эки тараптуу 3 чакырым асфальт  басылды.  

 Ак-Кочкор – Балтабай – Ырдык,  Темировка – Чоң-Ак-Суу жана Григорьевка – Пристань унаа жолдорунда асфальт тɵшɵɵгɵ даярдык иштери жүрүүдɵ.  

Жогоруда айтылгын жол иштери Министрлик алдындагы Жол тейлɵɵ ишканалары тарабынан активдүүү аткарылууда.

 Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы