“Өндүрүштүк-Инновациялык борбор” 5 миң 881 жол белги чыгарды
- 98 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Өндүрүштүк-инновациялык борбор” мамлекеттик мекемеси жыл башынан июль айына чейин 5 миң 881 даана жол белги өндүрүштөн чыгарды.
Жол белгиден тышкары 10 миң даана катафот, полимердик-порошок боёк менен сырдалган 7 мин 500 метр мамыча боёлуп даярдалды.
“Өндүрүштүк-инновациялык борбор” мамлекеттик мекемеси тарабынан Жол тейлөө ишканаларына келишимдин негизинде керектүү жол белгилер берилүүдө.
Учурда бир катар Жол тейлөө ишканалары тарабынан эски жол белгилер алынып жаңы жол белгилер орнотулуп жатат.
КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы