Санариптик коркунучтар шартында мамлекеттик сырларды коргоо
- 83 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жыйындар залында «Санариптик коркунучтар шартында мамлекеттик сырларды коргоо» темасында окутуу өттү.
Ага ведомствонун борбордук аппаратынын жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери катышты.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борбору тарабынан уюштурулган иш-чаранын жүрүшүндө санариптик коркунучтар шартында мамлекеттик сырларды коргоонун максаты, жолдору талкууланды.
Маалыматтык коопсуздуктун деңгээлин жогорулатууга багытталган окутуу суроо-жооп, талкуу форматында жыйынтыкталды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы

