Министр Сыргабаев Ысык-Көлдөгү туристтик жайларга барчу жолдордун курулушун текшерди
- 57 просм.
Бүгүн, 6-июлда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында туристтик жайларга барчу жолдордун абалы жана курулушу менен таанышты.
Алгач министр «Каракол» тоо лыжа базасына бара турчу унаа жолго асфальт төшөө иштерин барып текшерди. Бүгүнкү күнгө карата жалпысынан 7,1 чакырымдын калган бөлүгүнө асфальт төшөө иштери аяктоо алдында турат.
Аталган жумуштар Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ишке ашууда.
Ведомство жетекчиси Сыргабаев Түп районундагы Каркыра-Турук-Сары-Жаз жолунан кабар алды. Аталган жолдун 13—16-чакырымына асфальт төшөөгө даярдыктар жүрүп жатат. Учурда унаа жол кеңейтилип, жер жумуштары аткарылууда.
Мындан тышкары, Сыргабаев Кырчын жайлоосуна барчу 35 км жолдун курулушун жеринен көзөмөлдөдү.
Министр курулуш иштеринин жүрүшү, сапаты жана мөөнөтү боюнча жооптуу жетекчилерге тапшырма коюп, аймактардагы туристтик инфраструктуранын өнүгүшү үчүн жолдордун сапаттуу жана өз убагында бүткөрүлүшү зарыл экенин белгиледи.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы


