Министр Сыргабаев Ысык-Көлдү кыдырып, жол оңдоо иштеринен кабар алды
- 45 просм.
Бүгүн, 5-июлда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Ысык-Көл облусуна жумушчу сапар менен барды.
Анын алкагында Сыргабаев «Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол автожолун реконструкциялоо» долбоорунун алкагында аткарылып жаткан иштер менен жеринен таанышып, 0–25-чакырымындагы асфальт басуу жумуштарын текшерди. Бүгүнкү күндө аталган тилкеде «Кыргыз жол курулуш» тарабынан 25 чакырымга асфальт толук төшөлүп бүтүп, жол чийиндерин чийүү жана темир тосмолор орнотулууда.
Ал эми 25–71-чакырымдар аралыгында 19 чакырымга асфальттын биринчи катмары төшөлгөнү белгилүү болду. Ошондой эле, министр көпүрө куруу, суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу иштерин жеринен көзөмөлдөдү.
Мындан тышкары, Сыргабаев аталган автомобиль жолдун 71-91-чакырымдар аралыгында жайгашкан асфальт-бетон чыгарган заводдун ишмердүүлүгү менен таанышты.
Андан соң, министр Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол жолунун
96.37–126.37 жана 126.37–141.64-чакырымдар аралыгына барып, жүрүп жаткан жумуштардан кабар алды.
Ведомство жетекчиси жеринде тиешелүү жетекчилер менен жолугуп, курулуш иштерин бекитилген графиктен кечиктирбей өз убагында жана сапаттуу аткаруу тапшырмасын койду.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы




