Баткен облусу: Айгүл-Таш – Согмент – Таян жолунун 5 чакырымы асфальтталды
- 80 просм.
“Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканасына караштуу Айгүл-Таш – Согмент – Таян жолунда жол курулуш иштери ийгиликтүү аяктады.
Быйыл капиталдык салымдар беренесинин эсебинен жогоруда аталган жолдун 3 чакырым аралыгына асфальт төшөө пландаштырылган.
Натыйжада №2 Жол тейлөө ишканасы планды ашыгы менен аткарып, жалпы 5 чакырым жол асфальтталды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы