Бишкек-Күнтуу-Шопоков жолу. Азыркы тапта аткарылып жаткан жумуштар
- 62 просм.
Бишкек-Күнтуу–Шопоков унаа жолун реконструкциялоо иштери кызуу жүрүп жатат. Азыркы тапта 0-6+700-чакырымдар аралыгында жер жумуштары, жолдун негизин бекемдөө, туурасын кеңейтүү, эски асфальтты сүрүп тегиздɵɵ иштери аткарылууда.
Ошондой эле, электр линияларын жана суу түтүктөрүн жылдыруу жумуштары жүрүп жатат. Оңдоо иштери бекитилген графикке ылайык, сапатына өзгөчө көңүл буруу менен жасалууда.
Белгилей кетсек, жолдун жалпы узундугу 12,4 чакырымды түзөт. Долбоорго ылайык, жолду 4 тилкеге чейин кеңейтүү, тротуар куруу, жарыктандыруу жумуштары каралган. Ал эми буга чейин кыйылган бактардын ордуна үчтөн дарак отургузулат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы