Министр Абсаттар Сыргабаев жарандарды кабыл алды
- 62 просм.
Бүгүн, 29-майда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев “Коомдук кабылдама” аркылуу жазылган жарандарды кабыл алды.
Кайрылгандарга кеңири жооптор жана түшүндүрмөлөр берилди. Министр жарандардан түшкөн бардык кайрылуулар тыкыр каралып чыга турганын баса белгилеп, айрым маселелердин чечилишин көзөмөлгө алууну тиешелүү жетекчилерге тапшырды.
Белгилей кетсек, министр Абсаттар Сыргабаев ар аптанын бейшемби күндөрү саат 15:00дон 17:00го чейин жеке кабыл алууга жазылган жарандарды кабыл алат.
Коомдук кабылдаманын телефону: +996 (312) 31 49 22
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы



