mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Кɵк — Мойнок — Кубакы унаа жолуна түшкɵн таштар тазаланды

Министрликке караштуу №955 Жол тейлɵɵ ишканасы тарабынан Кɵк — Мойнок — Кубакы унаа жолунун 0–26-чакырым аралыгында тоо боорунан түшкɵн таштарды тазалоо жана суу жууп кеткен жол жээгин калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Мындан тышкары, Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 220–270-чакырым аралыгында жайкы күтүү жумуштары тынымсыз уланууда. Жол жээгин тазалоо, бекемдɵɵ жана жол коопсуздугун камсыз кылуу максатында жол четиндеги бордюрлар, жол белгилер боёлууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы