Чуй облусу: Сокулук-Белогорка жолуна асфальт төшөө иштери аяктады
- 48 просм.
Чүй облусундагы Сокулук-Белогорка унаа жолунун 2 чакырым аралыгына асфальт төшөө иштери аяктады. Жумуштар министрликке караштуу № 1 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылды.
Жалпы 49 чакырымды түзгөн бул жолдун быйыл 5,2-7,2-чакырымдар аралыгын асфальттоо пландалган.
Эске салсак, былтыр Сокулук-Белогорка жолунун 3 чакырымы жасалган.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы