Сузак району: Дмитровка-Кара-Алма жолу бир тараптуу ачылды
- 44 просм.
Бүгүн, 27-май күнү таңкы саат 04:00дор чамасында Дмитровка – Кара-Алма унаа жолунун 6-7-чакырымдар аралыгында жер көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган.
Аталган тилкеге дароо Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу №31 Жол тейлөө ишканасынын атайын техникасы тартылып, тазалоо иштери башталган. Азыркы тапта бир тараптуу каттам берилди. Жолду кеңейтүү, калыбына келтирүү иштери уланууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы
