mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Транспорт министри Нарындагы жол курулуш иштерин текшерип барды

Бүгүн, 18-майда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында бир катар жол курулуш иштерин текшерди.

Ведомство жетекчиси Нарын-Баетов жолунда аткарылып жаткан жумуштар менен жеринен таанышып, иш ыргагын ыкчамдатуу, сапатына көңүл буруу тапшырмасын койду. Ал эми подрядчы компаниянын өкүлдөрү жумушту тездетүү максатында кошумча техника жана адистер тартыла турганын билдиришти.

Ошондой эле Сыргабаев Нарын-Баетов жолунун 33-38-чакырымындагы 72 метр көпүрөнүн курулушун жеринен көзөмөлдөдү.

Нарын — Баетов унаа жолунун жалпы узундугу 120 чакырымды түзөт. Анын 46 чакырымын оңдоо каралган. Жол 2 тилкелүү болот жана 10 тонна жүккө ылайыкталып салынууда.

Мындан тышкары, министр Ж. Шералиев көчөсүнө жана Нарын аэропортунун учуп-конуу тилкесине асфальт басуу иштеринен кабар алды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы