mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Абсаттар Сыргабаев “Борбор Азия-Кытай” форматындагы транспорт министрлеринин дыйынына катышты  

Бүгүн, 16-майда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Астана шаарында өтүп жаткан “Борбор Азия-Кытай” форматындагы транспорт министрлеринин экинчи жыйынына катышты.

Өз сөзүндө министр Сыргабаев «Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан» темир жолун куруунун маанилүүлүгүн белгилеп өттү. Ошондой эле, 2027-жылы өтө турган «Борбор Азия-Кытай» өлкөлөрүнүн транспорт министрлеринин үчүнчү жолугушуусун Кыргызстанда өткөрүүнү сунуштады.

Жыйындын жүрүшүндө транспорт министрлери Борбор Азия менен Кытайдын ортосунда эл аралык жүк ташууларды ишке ашырууда санариптештирүү жаатында кызматташуу жөнүндө, Кытай менен Борбор Азиянын транспорт ведомстволорунун ортосундагы туруктуу кызматташтыкты бекемдөө боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюшту.

Белгилей кетсек, аталган жыйын эки жылда  бир жолу өткөрүлөт.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы