Министр Сыргабаев тажикистандык кесиптеши менен жолугушту
- 49 просм.
Бүгүн, 15-майда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Тажикстан Республикасынын Транспорт министри Азим Иброхим менен жолугушту.
Эки тараптуу жолугушууда министр Сыргабаев Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселеси чечилгендигин белгилеп, курулуучу автомобиль жолдорунун азыркы абалына токтолду.
Ал эми Тажикстан Республикасынын Транспорт министри Азим Иброхим автобус каттамдарын калыбына келтирүүнү сунуштады.
Белгилей кетсек, жолугушуу «Борбор Азия – Кытай» форматындагы транспорт министрлеринин 2-жыйынынын алкагында өттү.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы