mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Абсаттар Сыргабаев Кытайдын транспорт министри менен жолугуп, кошумча уруксат кагаздарын алмашууну сунуштады

Бүгүн, 15-майда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев «Борбор Азия – Кытай» форматындагы транспорт министрлеринин 2-жыйынынын алкагында Кытай Эл Республикасынын Транспорт министри Лю Вэй менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Министр Сыргабаев Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда жүк ташуунун көлөмү жылдан жылга өсүп жаткандыгын белгилеп, кошумча уруксат кагаздарын алмашууну сунуштады.

Мындан тышкары, жолугушууда эки тараптуу эл аралык автомобилдик ташуулар тууралуу Келишимди иштеп чыгуу абалы жана чоң көлөмдөгү жүктөрдү ташууда жаралаган кыйынчылыктар ачык талкууланды.

Өз кезегинде Кытай Эл Республикасынын Транспорт министри Лю Вэй кыргыз тараптан көтөрүлгөн маселелерди түшүнүү менен кабыл алып, аларды чечүү үчүн тийиштүү аракеттерди жасарын билдирди.

Жолугушуу достук маанайда өттү.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы