Чолпон-Ата шаарынын борбордук көчөсүнө асфальт төшөлүүдө
- 435 просм.
Балыкчы–Тамчы–Чолпон-Ата-Корумду унаа жолунун 77,5-81,4-чакырымдар аралыгын, тагыраагы узундугу 3,9 чакырымды түзгөн тилкесин (Чолпон-Ата шаарынын борбордук көчөсү) реконструкциялоо иштери кызуу жүрүүдө.
Курулушту колго алган “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасы жана “Чайна Роуд энд Бридж Корпорейшн” компаниясы тарабынан азыркы тапта асфальттын биринчи катмары төшөлүүдө.
Долбоорго ылайык, 4 тилкеден турган жолдун ар бир тилкеси 3,5 метрди түзүп, жалпы унаа жүрүүчү бөлүктүн туурасы 14 метр болот. Эл аралык макамга ээ болгон бул жолдун интенсивдүүлүгүн эске алып, жүк көтөрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында алгач 9 см калыңдыктагы асфальттын биринчи катмары, андан соң 6 см (ШМА) калыңдыктагы асфальттын жогорку катмары төшөлөт.
Ошондой эле, долбоордо суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу, жол четине лотокторду жана бордюр таштарды коюу, жолдун эки тарабына унаа токтотуучу жайларды жана тротуар куруу, 2 көпүрөнү оңдоо иштери да каралган.
Жеринде 70тен ашык техника жана 180ге чукул жумушчу иштеп, иш ыргагы белгиленген график боюнча уланууда.
Эске салсак, Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Чолпон-Ата шаарына бир нече ирет барып, оңдоо иштеринин жүрүшүн жеринен текшерүү менен жайкы сезонго чейин асфальт төшөө жумуштарын аягына чыгарууну тапшырган.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы
