Бишкек-Ош жолу: Каттам жанданды
- 421 просм.
Бишкек-Ош унаа жолунун 132, 133, 135-чакырымында кар көчкүлөрдү артиллериялык эсепти колдонуу менен атып түшүрүү иштери аяктап, саат 13:33дө каттам жанданды.
Мажбурлап түшүрүлгөн кар көчкүлөр унаа жолго жеткен жок.
Белгилей кетсек, жогоруда аталган иш-чараларга байланыштуу унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилип, саат 12:10дон тарта жол убактылуу жабылган болчу.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы