Жол жээгин иретке келтирүү иштери жүрүүдө
- 371 просм.
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 306-346 чакырым аралыгында жол жээгиндеги таштандылар күн сайын тазалоо, ирээтке келтирүү иштери аткарылып жатат. Аталган жол иштери №-9 Жол тейлɵɵ ишканасы тейлеген Бишкек -Ош авто жолунун 60-80 чакырым аралыгында да жүрүүдɵ.
Ушундай эле чарбалык жумуштар Чоң-Арык-Ала-Арча жаратылыш паркына барчу жолунда жана Аламүдүн-Арашан-Кой-Таш мемориалдык коплексине барчу жолдо да аң- чɵнɵктɵрдү жамоо, жол жээгиндеги ийри бордюр тосмолорду баткактан тазалоо иштери аткарылууда.
№39 Жол тейлɵɵ ишканасы тарабынан Бишкек-Кара-Балта авто жолундагы тосмолорго чогулган кум, топуракты жыйноо иштери уланууда.
Министрликтин маалымат кызматы