mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Жол тазалоо, муздарды чагуу иштери уланууда

Министрликтин алдындагы Жол тейлөө ишканалары тарабынан жол жээгинде тоңуп калган суу түтүкчөлөрүн тазалоо, муздарды чагып, инерттик материалдарды себүү, жол жээгиндеги таштандыларды тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

№41 Жол тейлөө ишканасы Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 306-346-чакырым аралыгында тайгак участокторго инерттик материалдарды чачуу жана 290-291-293-чакырымындагы суу ɵтүүчү түтүкчɵлɵрдɵ тоңуп калган муздарды чагуу иштери жүрүп жатат.

№9 Жол тейлɵɵ ишканасы тейлеген Бишкек-Ош авто жолунун жол үстүнɵ чыгып тоңуп калган музду чагып, суу нугун бурулуп, калыбына келтирилди. Ушундай эле муз чагуу жумуштары Кочкор- Арал-Тɵɵ-Ашуу авто жолунда да аткарылууда.

Мындан тышкары, №9 Жол тейлɵɵ ишканасы тейлеген жолдордун жээгин таштандылардан тазалоо иштери да тынымсыз уланууда.

Министрликтин маалымат кызматы