Кызматташуу тууралуу кеп болду. Министр Сыргабаев ирандык кесиптеши менен жолукту
- 513 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев 11-февралда Женева шаарында Иран Ислам Республикасынын Жолдор жана шаар өнүктүрүү министри Фарзане Садег Мальваджерд менен жолугушту.
Жолугушууда транспорт жаатындагы маселелер талкууланды. Министр Абсаттар Сыргабаев өз сөзүндө эки өлкөнүн транспорт жаатында тынчсызданууга көйгөйлөр жоктугун белгилеп, жүк ташуулар эки тараптуу келишимдин негизинде аткарылып жаткандыгын билдирди.
Ал эми министр Фарзане Садег Мальваджерд эки тараптын транспорт министрликтеринин ортосундагы Биргелешкен комиссиянын жыйынын өткөрүүнү, Ирандын Перс булуңундагы деңиз портторун колдонууну сунуштады.
Министр Абсаттар Сыргабаев Ирандын Перс булуңундагы портторун колдонуу боюнча сунуш киргизүү үчүн ведомстволор аралык жумушчу топ иш алып барып жаткандыгын айтты.
Белгилей кетсек, Швейцариянын Женева шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Европа экономикалык комиссиясынын ички транспорт боюнча комитетинин 87-жыйыны өтүп жатат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы

