Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Ислам өнүктүрүү банкынын долбоорлорун ишке ашыруу тобу төмөнкү бош кызмат ордуна конкурс жарыялайт (Котормочу/офис менеджери)
- 265 просм.
Талаптар:
1. Чет тили боюнча жогорку билими (англис тили);
2. Англис тилин билүү деңгээли: IELTS сынагынан 7 упай же TOEFL сынагынан эквиваленттүү деңгээли (94-101 упай) (тастыкталган сертификат болушу керек);
3. Котормочу/офис-менеджери катары 5 жылдан кем эмес жалпы иш тажрыйбасы;
4. Эл аралык уюмдарда жана/же эл аралык банктар жана фонддор тарабынан каржыланган уюмдарда котормочу катары иш тажрыйбасы 2 жылдан кем эмес;
5. Жол куруу тармагындагы терминологияны жакшы билүү артыкчылык болуп саналат;
6. Компьютерде иштегенди жакшы билүү.
Кошумча маалыматты 31-43-88, 31-47-22 телефондору аркылуу иш күндөрү саат 9:00дон 17:00го чейин ала аласыздар.
Конкурска катышуу үчүн кызыккан талапкерлер кызыкдыгы тууралуу катты жана толук документтерди, байланыш телефонун жана электрондук почтасын көрсөтүү менен орус жана англис тилинде сүрөтү бар резюмесин, паспорттун (ID-card) көчүрмөсүн, тиешелүү дипломду жана сертификаттардын көчүрмөсүн 2025-жылдын 05-февралында саат 16:00 чейин төмөнкү дарекке тапшыруусу керек: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Исанов көчөсү 42, 611 бөлмө (6 кабат) факс: 31-43-88 же электрондук дарек: piumotckr@gmail.com