mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Ислам өнүктүрүү банкынын долбоорлорун ишке ашыруу тобу төмөнкү бош кызмат ордуна конкурс жарыялайт (Жол инженери)

Талаптар:

  1. Жол куруу, автомобиль жолдорун куруу тармагындагы жогорку билим (диплом);
  2. Жол тармагында жалпы 10 жылдан кем эмес жалпы иш тажрыйбасы, анан ичинде жол инженери катары эл аралык долбоорлордо 3 жылдык иш тажрыйбасы;
  3. Кыргыз Республикасынын жол куруу боюнча жергиликтүү мыйзамдарын практикалык билүү жана ФИДИК келишимдери менен иштөө тажрыйбасы (тастыктоочу документинин болушу артыкчылык болот);
  4. Ислам өнүктүрүү банкынын жол куруу жаатындагы саясатын, жол-жоболорун жана көрсөтмөлөрүн жакшы билүү артыкчылык болуп саналат;
  5. Иштиктүү кат алышуу менен иштөө боюнча билими жана тажрыйба;
  6. Кыргыз жана орус тилдерин билүү (англисче жазуу жана ооз эки тилде эркин билүүсү артыкчылык болуп саналат);
  7. Компьютерде эн жакшы иштөөнү билүү (анын ичинде: AUTOCAD), жоопкерчилик жана командада иштөө жөндөмдүүлүгү.

Кошумча маалыматты 31-43-88, 31-47-22 телефондору аркылуу иш күндөрү саат 9:00дон 17:00го чейин ала аласыздар.

Конкурска катышуу үчүн кызыккан талапкерлер кызыкдыгы тууралуу катты жана толук документтерди, байланыш телефонун жана электрондук почтасын көрсөтүү менен орус жана англис тилинде сүрөтү бар резюмесин, паспорттун (ID-card) көчүрмөсүн, тиешелүү дипломду жана сертификаттардын көчүрмөсүн  2025-жылдын 05-февралында саат 16:00 чейин төмөнкү дарекке тапшыруусу керек: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Исанов көчөсү 42, 611 бөлмө (6 кабат) факс: 31-43-88 же электрондук дарек: piumotckr@gmail.com