mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү транспорт жана коммуникациялар министрлигинде белгиленди

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин борбордук аппараты жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн катышуусунда 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү салтанаттуу түрдө белгиленди.

Иш-чара улуттук салтка таянып уюштурулуп, “Сармерден” оюну аркылуу катышуучулар кыргыз тилинин көркөмдүүлүгүн жана бай мурасын көрсөтүштү. Оюн учурунда макал-лакаптар, акындар айтышы, ыр-күүлөр жаңырып, улуттук рухта шаңдуу маанай түзүлдү.

Мындан сырткары, иш-чарада кыргыз элинин кол өнөрчүлүк салты, улуттук тамак-ашы, үрп-адаттары тууралуу маалыматтар берилип, мамлекеттик тилдин коомдогу орду жана мааниси тууралуу кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бул иш-чара “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамды ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2025-жылдын 17-сентябрындагы №266 буйругунун негизинде өткөрүлдү.

Министрликтин бардык бөлүмдөрүнүн активдүү катышуусу менен мамлекеттик тилдин макамы жана аны өнүктүрүүнүн зарылдыгы дагы бир жолу баса белгиленди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы