mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Өтмөк менен Төө-Ашууда кар жаап, тазалоо иштери жүрүүдө

Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда жана Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашууда кар жаап жатат. Министрликке караштуу № 9 жана № 36 Жол тейлөө ишканалары тарабынан инерттик материалдарды себүү, тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Каттам бар, жол ачык.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып баштоого, каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого чакырат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы