Өзгөн–Куршаб–Кара-Суу жолунда оңдоо иштери жүрүүдө
- 131 просм.
Өзгөн–Куршаб–Кара-Суу жолунун 4 чакырым аралыгында жол оңдоо иштери жүрүүдө. Азыркы тапта жер иштери аткарылып, асфальт төшөөгө даярдыктар көрүлүп жатат.
Белгилей кетсек, июнь айында аталган жолдун 3 чакырым аралыгы асфальтталган.
Министрликке караштуу “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканасы тарабынан жумуштун сапаты жана жүрүшү тыкыр көзөмөлдөнүп жатат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы