“Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында ири жана оор салмактагы бөлүнгүс жүктөрдү ташуу үчүн атайын уруксат алуу жол-жобосу жөнөкөйлөштү
- 102 просм.
Министрлер Кабинетинин “Өкмөттүк акселераторлор” 100 күндүк программасынын алкагында “Автомобиль транспорту менен ири жана оор салмактагы бөлүнгүс жүктөрдү ташууга байланыштуу атайын уруксат берүүнү макулдашуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү” челленджи ийгиликтүү жыйынтыкталды.
Натыйжада атайын уруксат алуу процедурасы 3 күндөн 1-3 саатка чейин кыскарып, өтүнмөнү 24/7 режиминде, каалаган жерден берүү (онлайн) жана накталай эмес төлөө мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Бул кадамдар убакытты кыйла үнөмдөп, мамлекеттик көзөмөл органдардын өз ара аракеттенүүсүн оптималдаштыруу менен ашыкча маалымкат чогултуудан арылтат. Ошондой эле, чек ара өткөрүү пункттарында тыгындарды азайтууга, Кыргызстандын транзиттик потенциалын жогорулатууга шарт түзөт.
Буга чейин аталган жол-жобо татаал жана узак болуп, болжол менен 3 күнгө чейин (72 саатка) созулган. Бул аракеттер ишкерлердин жана логистикалык компаниялардын ишмердүүлүгүнө терс таасирин тийгизип келген.
Белгилей кетсек, “Өкмөттүк акселераторлор” 100 күндүк программасынын алкагында “Автомобиль транспорту менен ири жана оор салмактагы бөлүнгүс жүктөрдү ташууга байланыштуу атайын уруксат берүүнү макулдашуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү” челленджи 3-мартта башталып, 11-июнда жыйынтыкталган. Ага Транспорт жана коммуникациялар, Ички иштер, Каржы, Энергетика министрликтеринин жана Бажы кызматы менен «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун өкүлдөрү кирген.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы