mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Эки-Нарын көпүрөсү ачылып, каттам берилди

Нарын районуна караган Нарын – Оруктам унаа жолунун 39-чакырымындагы көпүрө ачылып, каттам берилди.

Белгилей кетсек, алгач көпүрөнүн пайдубалы даярдалып, арматуралар орнотулуп, бетон куюу жумуштары жүргүзүлгөн. 

Андан соң көпүрөнүн негизги конструкциясы чогултулуп, монтаждоо иштери аткарылган. Бүгүнкү күндө темир тосмолору жана тиешелүү жол белгилери орнотулуп, каттам берилди.

Алдыда көпүрөнүн кирүү-чыгуу бөлүгүнө жол элементтерин (парапеттерди) коюу иштери аткарылат.

Жумуштар “Бишкек-Темир” ЖЧКсы тарабынан жасалып, курулуш иштерине “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасы да тартылган. 

Аталган аймакта ГЭС куруу пландалгандыктан, көпүрө убактылуу салынганын белгилейбиз.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы