mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Чүйдөгү Кант-АБЗ жолу асфальтталууда

Чүйдүн Ысык-Ата районундагы Кант-АБЗ жолунун 3 чакырымына асфальт басуу иштери жүрүп жатат.

Бүгүнкү күндө аталган тилкенин 1,5 чакырымына бир тараптуу асфальт басылды. Калган бөлүгүндө иштер белгиленген графикке ылайык уланууда.

Жумуштар №43 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы