Төө-Ашуу: Оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди
- 87 просм.
Сосновка постунда саат 16:30дан тарта оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Азыркы тапта Төө-Ашууда бурганактап кар жаап, бороон болуп жатат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу №9 Жол тейлөө ишканасы аймакты толук көзөмөлдөп, инерттик материалдарды себүү иштерин жүргүзүүдө.
Министрлик өлкөдөгү туруксуз аба ырайына жана 2025-2026-жылдын күз-кыш мезгилине карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштерине байланыштуу тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырып алууга жана каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого чакырат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы