Түптө Михайловка-Николаевка-Токтоян-Сары-Тологой унаа жолу асфальтталды
- 66 просм.
Түп районунда бир нече унаа жолдорду асфальттоо иштери ийгиликтүү жыйынтыкталды.
Михайловка–Николаевка–Токтоян–Сары-Тологой унаа жолунун 7 чакырым аралыгына (19–26-чакырым) асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилди. Өткөн жылы бул жолдун 6 км 600 метри асфальтталган.
Ошондой эле, Каркыра–Турук–Сары-Жаз жолунун 13–16-чакырым аралыгы эки тараптуу асфальтталып бүткөрүлдү.
Мындан тышкары, Долон –Кош-Дөбө унаа жолундагы көпүрөнүн курулушу уланууда. Учурда кɵпүрɵнүн тирɵɵчтɵрүн орнотууга жээктери бекемделүүдө.
Жол иштери №4 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жүргүзүлдү. Азыркы тапта шагыл жолдорду жана жайлоого кеткен жолдорду убактылуу кароо, жаандан кийинки сүрүп-тегиздөө иштери жүрүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы