Транспорт министри Нарынды кыдырып, жол курулуш иштеринен кабар алды
- 180 просм.
Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында бир катар жол курулуш иштеринен кабар алды.
Министр Нарын-Баетов автожолунун 8-13-чакырымындагы асфальт басуу иштерин текшерди.
Ошондой эле, ведомство жетекчиси Нарын-Баетов жолунун 67-чакырымында жайгашкан асфальт-бетон заводдун ишмердүүлүгүн жеринен көзөмөлдөдү. Аталган асфальт завод саатына 80 тонна материал чыгарып жатат.
Мындан тышкары, Ленин жана Ж. Шералиев көчөлөрүндө жүрүп жаткан иштерди кыдырып көрүп чыкты.
Министр Сыргабаев Нарын облусунун аймагында иш алып барып жаткан подрядчы компаниялар менен жолугуп, иш ыргагын ыкчамдатуу, сапатына көңүл буруу тапшырмасын койду.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы