mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Талас облусу: Кара-Арча жолунда асфальттоо иштери жүрүүдө

Талас облусунун Манас районуна караштуу Кара-Арча айылына алып барчу унаа жолдо асфальттоо иштери кызуу жүрүп жатат.

Жалпы узундугу 8 чакырымды түзгөн жолдун быйыл 5 чакырымы жасалып, пайдаланууга берүү пландалууда.

Жол курулуш иштери мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен каржыланып, № 48 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылып жатат.

Жолдун оңдолушу айыл тургундарынын каттамын жеңилдетип, коопсуздукту камсыздап, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы