Сокулук-Белогорка жолу асфальтталууда
- 61 просм.
Сокулук районунда жол куруу иштери уланууда. Сокулуктан Белогорка айылына бара турган жолдун 4 чакырым 300 метр бөлүгүн асфальттоо пландалган. Ушул жылдын май айында аталган жолдун 2 чакырым тилкеси асфальтталып бүткөн. Азыркы тапта калган 2 чакырым 300 метр жолго жер негиздери даярдалып асфальт тɵшɵɵ иштери башталды.
Мындан тышкары, Шопоков шаарынын Машиностроительная көчөсүнүн 1 чакырым бөлүгүнө да асфальтоо пландалууда.
Жогорудагы жол куруу иштери №1 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылып, белгиленген мөөнөттө сапаттуу жана өз убагында аткаруу талабы коюлган.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы