Сокулук–Арал жолунда асфальт тɵшɵɵ толугу менен аяктады
- 203 просм.
Сокулук районуна караштуу Сокулук–Арал унаа жолунун 1 чакырым 800 метр аралыктагы тилкеси толук асфальтталып бүттү. Асфальт төшөө иштери 2025-жылдын Титулдук тизменин негизинде жүргүзүлдү.
Азыркы учурда аталган жол тилкесинде жол белгилерин жаңылоо жана жол чиймелерин тартуу иштери пландалууда.
Жол куруу иштери Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин карамагындагы №1 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылып, иштер белгиленген мөөнөттө жана сапаттык талаптарга ылайык жүргүзүлдү.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы