mtdgovkg@mtd.gov.kg
+996 (312) 31-43-85
KG   RU   EN

Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Ысык-Көл облусунда Түп-Кеген жолу ачылды

Бүгүн, 29-сентябрда Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Түп-Кеген жолунун расмий ачылышы өттү. Иш-чарага ошондой эле, Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев баштаган министрликтин кызматкерлери, Дүйнөлүк банктын өкүлдөрдү, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов жана жергиликтүү тургундар катышты.

Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган «Борбор Азиядагы регионалдык каттамдарды жакшыртуу долбоорунун үчүнчү фазасы» Түп-Кеген автожолунун 39-76-чакырымдар аралыгын жана Каркыра-Турук-Сары-Жаз жолунун 0дөн 13-чакырымга чейинки тилкесин реконструкциялоо боюнча компонентти камтыйт.

Түп–Кеген автожолу заманбап стандарттарга ылайык курулду. 11.5 тонна жүккө ылайыкталып салынган бул жолдо тротуар, жарыктандыруу, аялдамалар каралган. Бүгүнкү күндө бардык курулуш иштери толугу менен аяктады.

Белгилей кетчү жагдай, долбоордун алкагында Сары-Тологой, Санташ жана Каркыра айылдарынын ички жолдору жакшыртылды. Мындан тышкары, Санташ туристтик мемориал комплексине да жаңы жол салынды.

Ошондой эле, туризмди өнүктүрүү максатында Балыкчы, Бөкөнбаев, Тосор, Теплоключенка жана Түптө туристтерди тейлеген жалпы 5 борбор курулуп, конокторго кызмат көрсөтүүдө. Аны менен катар, «Авиациялык коопсуздук жана тейлөөнү камсыздоо» 2-компоненти боюнча Ишембай Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун объектилери оңдолду.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы